Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Ооганстанда талиб согушкерлери түрмөгө чабуул жасады


Ооганстан -- Кол салуудан кийин түрмөнүн тегерегинде жүргөндөр. Газни, 14-сентябрь, 2015.
Ооганстан -- Кол салуудан кийин түрмөнүн тегерегинде жүргөндөр. Газни, 14-сентябрь, 2015.

Ооганстандын Газни шаарындагы түрмөгө чабуул жасаган талиб согушкерлери бир канча полиция кызматкерин өлтүрүп, камакта отургандарды чыгарып жиберди. Газни аймагынын губернаторунун орун басары Мухаммад Али Ахмадинин билдиришинче, бир жанкечти абак дарбазасынын алдында өзүн жардырып жиберген соң согушкерлер түрмөгө кирип кетишкен. Ахмадинин айтымында, талибдердин кол салуусунан төрт полициячы ажал таап, дагы жетөө жаракат алган жана талибдер тарабынан да жети киши мерт болгон. Бул чабуул учурунда абакта отурган 350дөн ашуун адам эркиндикке чыгып кеткен. Reuters агенттиги болсо камакта отургандардын баары чыгып кеткенин кабарлады.

"Талибандын" өкүлү Забибулла Мужахид бул чабуулга талибдердин катышы бар экенин ырастады.

XS
SM
MD
LG