Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Иран президенти жөөттөрдү куттуктады


Иран президенти Хасан Роухани.
Иран президенти Хасан Роухани.

Иран президенти Хасан Роухани жөөттөрдүн Рош ха-Шана - жаңы жыл майрамына карата куттук жолдоду. Роуханинин Твиттер баракчасына жарыяланган куттуктоодо: "Биздин жалпы авраамдык тегибиз өз ара сыйды тереңдетип, тынчтык жана түшүнүшүү алып келсин. Жакшы жыл болсун", - деп айтылат. Бул куттуктоо бирок Роуханинин фарс тилдүү аккаунтуна жарыяланган жок. Иран президенти ушундай эле куттуктоону Твиттерге былтыр да жайгаштырган. Анда ал президенттик кызматка жаңы эле киришкен эле.

Жөөттөр Иранда үч миң жыл мурда пайда болгон. Ушул өлкөдө туулуп-өсүп, жашап жаткан жөөттөр азыр миңдеп саналат. Бирок Иран Израилди тааныбай, ага каршы согуштук топторду колдоп келет.

XS
SM
MD
LG