Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:02

Эратов: Жоокер аңчылыктан кайтпай калган


Чоң-Алайдагы Кара-Мык чек ара тозотунда кызмат өтөгөн жоокер чек араны кыдырууга эмес кийик уулоого чыкканы аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош гарнизондук аскер прокурору Өмүрбек Эратов билдирди.

Аскер прокурорунун билдиришинче, жоокердин куралы менен жоголушуна байланыштуу кылмыш ишин иликтөө учурунда жаңы жагдайлар ачылып, ага байланыштуу бир нече аскер кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

Буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматы жоголгон жоокер кар аралаш жамгыр жаап, туман түшүп турган учурда Түштүк Бокбашы ашуусуна кезметке чыккан бойдон кайра келбегенин, ал жолунан адашып кетиши ыктымалдыгын расмий билдирген болчу.

Бул окуяга байланыштуу чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча командалык башкаруу курамы кызматтан бошотулду.(YI)

XS
SM
MD
LG