Өлкөнүн түштүк-чыгыш чек арасындагы Газянтеп аймагында ачылган жаңы лагерь 25 миң качкынга эсептелген. Жергиликтүү медиа ал жерде жашоо үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп, гуманитардык ислам фонддору жана "Кызыл жарым ай" коомунун кызматкерлери тарабынан ысык тамак уюштурулуп, кийим-кече таратылып жатканын кабарлады. Мындай лагерлер эми чек арадагы кошуна Галянтеп жана Шанлиурфа райондорунда да ачылат.
Ошол эле учурда Сириядагы согуштан качкандардын саны кескин көбөйүп, Түркиянын чек арасына миңдеген адамдар топтолгону кабарланууда. "Ислам мамлекети" террордук тобунун зордук-зобунунан кутулуунун айласын издеп, Сириядан качып чыккандардын көбү карылар, аялдар жана балдар. Түркия тарап сириялыктар үчүн чек ара жабылбасын жана согуштан жабыркагандардын баары кабыл алынарын айтууда.
Өлкөдө буга чейин эле миллион качкын үчүн эсептелген 25 чатыр лагерь уюштурулган. Бирок ага келип жаткандардын саны алда канча көп болуп, үч жарым миллионго чейин жетти.