Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

ЖККУ саммитинде терроризмге каршы күрөш талкууланат


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев ЖККУ саммити алкагында тажик мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен жолукту. 14.09.2015
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев ЖККУ саммити алкагында тажик мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен жолукту. 14.09.2015

Бүгүн Тажикстан баш калаасы Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги саммити башталат. Ага катышуу үчүн Тажикстанга Кыргызстан, Армения, Казакстан, Белорусия жана Орусия мамлекет башчылары келишти. Терроризм жана экстремизмге каршы күрөш, айрыкча “Ислам мамлекети” террордук тобунун мизин кайтаруунун жолдору жыйындын башкы темасы болот.

ЖККУ саммити жыл сайын кезек-кезеги менен мүчө өлкөлөрдүн бирөөндө өткөрүлүп турат. (SE)

XS
SM
MD
LG