Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

Кыргыз акчасынын арзандашы талкууга салынат


Бүгүн Улуттук банк сомдун АКШ долларына карата кунун жоготуп жатышына байланыштуу жыйын өткөрөт. Аталган мекемеден кабарлашкандай, анда сомдун улам арзандоосунун себептери, кунду түшүрбөй сактап туруунун жол-жоболору талкууланат.

Ушул күндөрү Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 АКШ доллары 69 сомдон ашты. Расмий алмашуу курсу 67 сом 45 тыйын. Серепчилер доллардын кымбаттоосу дагы уланарын болжолдоп жатышат. Бир ай мурда доллардын кыргыз акчасына катышы 62 сомдун тегерегинде болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG