Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:35

ФИФА ишин тергөөдө "жаңы жагдайлар" табылды


Швейцариянын баш прокурору Майкл Лаубер ФИФАдагы коррупцияны тергөөгө байланыштуу Швейцария Альпысында бир канча кыймылсыз мүлк камакка алынганын кабарлады. Анын 14-сентябрда билдиргенине караганда, азыр коррупциялык кылмышка тиешелүү маалыматтар топтолуп, 121 банктык эсеп-чотту текшерүү башталды.

АКШ баш прокурору Лоретта Линч болсо Кошмо Штаттар Швейцария менен бирге ФИФАдагы коррупцияга байланыштуу тергөөнү кеңейткенин жана "жаңы маалыматтардын" негизинде дагы бир нече киши кармалышы ыктымалдыгын билдирди. Бирок кимдер кармалышы мүмкүндүгүн ачык айткан жок.

Быйыл майдын этегинде Эл аралык футбол федерациясы - ФИФАда коррупциялык чатак чыгып, бир канча чиновниги иштен айдалган. 27-майда Цюрихте уюмдун коррупцияга шектелген 7 үлкөн төбөлү камакка алынып, эл аралык кеңири иликтөөлөр башталган. Аны АКШнын федералдык иликтөө бюросу - ФБР жүргүзүүдө.

Ушундай чыр-чатактардын фонунда бешинчи мөөнөткө ФИФА башчылыгына кайра шайланган Йозеф Блаттер июндун башында кызматтан кетерин жарыялаган. Бирок ал кийинки президент шайланчу 2016-жылдын февралына чейин бул кызматта иштеп турат.

АКШ юстиция министрлиги 14 адамды соңку 24 жыл ичинде 150 миллион доллардан ашуун пара алган деп айыптоодо. Швейцария болсо 2018-жылы Орусияда, 2022-жылы Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү укугу кандай берилгенин териштирүүдө.

XS
SM
MD
LG