Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

БШК: Чудинов, Самаков, Айдаралиев шайлоого катышат


Боршайком бүгүнкү жыйынында "Кыргызстан элдик Конгресси" партиясынын талапкери Карганбек Самаковду, "Бир Болдун" талапкери Игорь Чудиновду жана "Замандаштын" талапкери Искендер Айдаралиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчүн карап, аны четке какты. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

9-сентябрда Башкы прокуратура аталган талапкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүүнү сурап БШКга кайрылган. Искендер Айдаралиев менен Игорь Чудинов Карганбек Самаковго козголгон кылмыш ишине байланыштуу айыпталууда. Аларга 2008-жылы 262 гектар жерди мыйзамсыз менчиктештирип берген деген күнөө коюлууда.

Карганбек Самаков 17-майдан бери үй камагында. Ал "Кыргызстан элдик Конгресси" партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого аттанган.

Өкмөт 3-сентябрда 2008-жылдагы айыл чарба жерин трансформациялоо боюнча токтомун жокко чыгарды.

Бөлүнгөн жер 1,5 миңге жакын кишиге сатылып, ага "Биримдик Кут" жаңы конушу жайгашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG