Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, жыл башынан берки 8 ай аралыгында Кыргызстанда 2696 өрт катталып, 46 киши куткарылган. Ал эми тилсиз жоодон 31 киши, анын ичинде төрт бала мерт болгон. Адистер бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 9,8 пайызга азыраак экендигин билдиришет.
Өрт кырсыгынан келтирилген материалдык чыгымдардын саны 193 миллион сомду түзгөн.
Өрттүн себептери от менен ойноо, электр жабдууларды пайдалануу эрежесин бузуу жана жылуулук мештерин туура эмес колдонуу болуп саналат.
Өрт эң көп катталган аймак Чүй облусу. (AzK)