Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Доллардын курсу 70 сомду чапчыды


Бишкектин акча алмаштыруу жайларында 15-сентябрда саат 13:00 карата доллар 70 сомдон алынып, 70,5 сомдон сатылууда.

Улуттук банк койгон алмашуу курсу катары 68 сом 34 тыйын көрсөтүлгөн. Улуттук банк ушул тапта АКШ долларына карата кыргыз сому кунун жоготуп жатышынын себеп-жөнүн талкуулаган жыйын өткөрүүдө. Анда сомдун улам арзандоосунун себептери, улуттук акчанын долларга карата катышын кескин төмөн түшүрбөй, бир калыпта сактап туруунун жол-жоболору талкууланат.

Серепчилердин болжолунда, доллардын кымбаттоосу дагы уланат. Бир ай мурда анын кыргыз акчасына катышы 62 сомдун тегерегинде болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG