Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Смартфондун көгүш жарыгы ден соолукка зыяндуу


Окумуштуулар түнкүсүн смартфондун көгүш жарыгы адамдын саламаттыгына олуттуу зыян алып келерин аныкташты. Уктар алдында смартфон же телефон чукулап, көк жарыкты күйгүзүү адамдын уйкусун бузуп, эс тутумун мокотот жана кабыл алуучу нервдерди өлтүрөт.

Смартфонду тиктеп жатуу мээдеги нейротоксиндин көлөмүн арттырып, уйкусуздук келип чыгат. Уйкуга жооп берген адамдагы мелотанин гормону азайып, уйку бездин иштөөсү начарлап, тамак начар сиңет жана ашыкча салмак кошуу башталат.

Экрандан чыккан көк жарык көздөгү көрүүнү жөндөгөн ретина затын талкалайт жана көздүн чечекейи соолуп калат. Аялдарда көкүрөк жана жатын рагынын пайда болуусун шарттайт, деп кабарлайт "Nature Neuroscience" журналы. (BCh)

XS
SM
MD
LG