Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:43

Орусия: Сирия боюнча диалог керек


Орусиянын транспорттук учагы Латакияга келген учур. 12-сентябрь, 2015-жыл.
Орусиянын транспорттук учагы Латакияга келген учур. 12-сентябрь, 2015-жыл.

Президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Сирия боюнча АКШ-Орусия ортосундагы сүйлөшүү өтө зарыл болуп турат. Песков бул тууралуу президент Путин менен АКШ президенти Барак Обаманын ортосунда Сирия боюнча сүйлөшүү болушу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып билдирди.

Учурда Орусия Сирияда аскерий турумун чыңдап жатат деген маалыматтар тароодо.

АКШ армиясынын кечээги билдирүүсүнө караганда, Сириянын Латакия шаарынын жанындагы аракеттер Орусия ал жерде аба базасын курууну мерчемдегенин каңкуулоодо.

Орусия болсо өз тарабынан анын Сирияда аскерий аракеттери күчөшү, анын ичинде сириялык күчтөрдү машыктыруу үчүн аскерий адистерди жиберип жатышы терроризмди жеңүү боюнча эл аралык аракеттердин бир бөлүгү экенин айтууда.

Москва - Сирия президенти Башар Асаддын негизги өнөктөшү жана колдоочусу. (UE)

XS
SM
MD
LG