Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

А.Атамбаев: "ИМ" таасиринин Ооганстанга жайылышы Борбор Азияга кооптуу


Кыргызстан президенти 15-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитинде “Ислам мамлекети” уюмунун таасири Ооганстандын аймагында өсүп бара жаткандыгын белгилеп, бул көрүнүш Борбор Азия коопсуздугуна терс таасир тийгизерин билдирди. Атамбаев айрым жарандардын террорчул уюмдардын катарына тартылып, согуш болуп жаткан аймактарга барышы, уруштан кайтып келип террордук иш-аракеттерин улантуу ниеттери өзгөчө чочулоону пайда кылып жатканын ырастап, региондун коопсуздугун сактоо үчүн ЖККУнун аракетин күчөтүү зарылдыгын билдирди.

Бүгүн Тажикстан баш калаасында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги саммити башталды. Ага Тажикстан, Кыргызстан, Армения, Казакстан, Белорусия жана Орусия мамлекет башчылары катышууда. Террорчулук жана экстремизмге каршы күрөш, “Ислам мамлекети” террордук тобунун мизин кайтаруунун жолдору жыйында талкууланчу негизги темалардан.

ЖККУ саммити жыл сайын кезеги менен мүчө өлкөлөрдүн бирөөндө өткөрүлөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG