Жогорку Соттун басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, пара талап кылып кармалган Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Айбек Балбаевдин иши боюнча Ленин райондук сотунун актаган чечимин 10-сентябрда Бишкек шаардык соту четке какты. Шаардык сот Айбек Балбаевди 2,5 миллион сом айыпка жыкты.
Милиция кызматкери Айбек Балбаев 2009-жылы кылмышка шектүү жарандын бир тууганынан инисин кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, жоопко тартпоо үчүн опузалап 500 доллар талап кылып, УКМК тарабынан колго түшкөн. 2014-жылы аны Ленин райондук соту актаган болчу. (AzK)