Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:56

Доллардын баасы суроо-талапка жараша өзгөрөт


Бул тууралуу Улуттук банктын акча-насыя операциялары башкармалыгынын башчысы Раушан Сейиткасымова “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтуусунда, доллардын курсу төмөндөөсү да, өсүүсү да керектөөчүлөрдүн суроо-талабына жараша болот:

-Биз кымбаттайт же арзандайт деп айта албайбыз. Доллар учурда бүт дүйнө жүзүндө күчтөнүп жатат. Жыл башынан бери евро 5% арзандады, кытайлардын юаны 6%, түрктөрдүн лирасы 30% девальвацияга кабылды.

Улуттук банк өкүлү кыргыз сому коңшулаш казак теңгеси менен орус рублине салыштырмалуу туруктуулугун сактап турганын кошумчалады. Жыл башынан бери сом 16% девальвация болду. Сомдун туруктуу абалда карманып туруусуна Улуттук банктын сомдун базардагы курсун эркин кое берүү саясаты таасир этүүдө.

Кыргызстанда доллар август айынын аягынан тарта кескин өсө баштады. Акча алмаштыруучу жайларда бүгүн 1 АКШ доллары 70 сом 50 тыйын болууда. Улуттук банк сомдун курсун кармоо үчүн 14-сентябрда коммерциялык банктарга 17,6 млн. доллар сатты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG