Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. Сариев шайлоо өнөктүгү мыйзам чегинде жүрүп жатканын белгилеп, бир дагы саясий партия үгүт учурунда одоно мыйзам бузууга барбаганын айтты.
Өкмөт башчынын ырасташынча, бүгүнкү күнгө 2 374 участкалык комиссия түзүлдү, анын ичинде Бишкекте 39, Ош шаарында 7 кошумча добуш берүүчү участоктор ачылды:
-Алардын баары керектүү жабдуулар: үкөктөр, ноутбук, монитор, интернет жана биометриканы аныктоочу жабдыктар менен жабдылды. Жергиликтүү бийлик бардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө. Мага жана президентке күн сайын аймактардагы үгүт иштери тууралуу маалыматтар түшүп турат. Бардык жерде тартип, шайлоо өнөктүгү одоно мыйзам бузууларсыз жүрүп жатат. Бул албетте, кубандырат.
Темир Сариев 18-сентябрь биометрикалык маалыматтарды тапшыруунун акыркы күнү экенин белгилеп, БШК 24-сентябрда шайлоо участокторуна шайлоочулардын такталган тизмесин берерин кошумчалады. Премьер-министр ошондой эле добуш берүүгө биометрикалык маалымат тапшырган гана жарандар кое берилерин да эскертти.
Парламенттик шайлоо 4-октябрда болот. Ага 14 саясий партия ат салышууда. Үгүт иштери 4-сентябрдан башталган, 3-октябрда аяктайт.(AKu;ZKo)