1-вице-премьер-министрдин маалыматы боюнча, компьютердик маалымдамалар 1741 шайлоо участогуна коюлат. Анын айтуусунда, шайлоо күнү шайлоочу добуш берүү үчүн атайын чек алууга тийиш:
-Чек алуу үчүн шайлоочу өзүнүн манжа тактарын тапшырууга тийиш. Эгер бир жолкусунда тапшыра албаса, дагы беш жолу тапшырса болот. Бешинчисинде да маалыматтары чыкпаса, анда шайлоочу добуш берүүгө идентификациялык номуру менен кое берилет. Бирок бул жараян участкалык шайлоо комиссияларынын жана эки байкоочунун тастыктоосу менен атайын акт түзүү менен ишке ашырылат.
Сарпашев жарандардын биометрикалык маалыматтарын тапшырганын аныктоо бири-бирине жакын жайгашкан шайлоо участокторунда кыйынчылык жаратып жатканын ырастады. Мындай участоктордун саны жалпы өлкө боюнча 1741. Бул участокторго жарандардын биометрикалык маалыматы тууралуу компьютердик маалымдама орнотулат. Бул маалымдамага шайлоочу өзүнүн аты-жөнүн же идентификациялык номурун киргизүү менен добуш берүүчү участогунун номурун, а түгүл кайсы жерде жайгашканын да таба алат.
Кыргызстанда жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу жараяны өткөн жылы сентябрда башталган. Бирок биометрикалык маалымат тапшырган жарандар шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн таппай калган учурлар көп кездешүүдө.(AKu;ZKo)