Бул туурасында “Азаттыкка” БШКнын маалымат кызматы кабарлады. Алардын билдиришинче, бүгүн "Ар-намыс" партиясынын тизмесинен Салтанат Аманова, Ибрагим Эрса жана Адилет Калыков жазган арыздарынын негизинде чыгарылды.
Мындан тышкары БШК чечими менен “Улуу Кыргызстан” партиясынын талапкери Зобек Бийзаев өз арызынын негизинде тизмеден чыгарылды. Ички иштер министрлиги аны издөөдө экендигин билдирген.
“Бир Бол” партиясынын тизмесинен Айганыш Сатыбалдиева чыгарылды. (AzK)