Буга БШК тыюу салууга тийиш деди “Республика Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы. Анын айтуусунда, Чоң-Алай районундагы Кызыл-Суу айылындагы орто мектепте Социал-демократтар партиясы штаб ачкан.
БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов мындай фактылар текшерилүүгө тийиштигин белгилеп, Бишкекте да КСДПнын талапкери, юридикалык академиянын ректору Канат Керезбеков өзү жетектеген окуу жайда штаб түзүүгө аракет кылганын айтты:
-Биз буга жол бербедик. Бул башка окуу жайларга да тиешелүү, -деди БШК төрагасы. (AKu/ZKo)