Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Шайлоого катышкан партиялар 19-сентябрда ишембиликке чыгышат


Партиялар Бишкек шаар жетекчилиги менен бирге 19-сентябрда Иса Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Жаштар" сейил багында ишембилик өткөрмөкчү. Бул жөнүндө "Азаттыкка" мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Гуля Алманбетова билдирди.

Ишембилик өткөрүү чечими саясий партия өкүлдөрүнүн Бишкек шаар мэри жана район акимдери менен жолугушуу учурунда макулдашылды. Жолугушууда мэр Кубанычбек Кулматов партиялардан мыйзам сактап, үгүт кагаздарын бак-дарактарга, эстеликтерге, тосмолорго, аялдамага илбөөнү өтүндү.

Партия өкүлдөрү шайлоо соңунда дагы бир жолу ишембилик уюштуруп, үгүт материалдарын жыйноону убада кылышты. Мэрия жума сайын партиялар менен жолугуп турмакчы.(JM;ZKo)

XS
SM
MD
LG