Пакистан армиясы жарыялагандай, биргелешкен машыгуу терроризмге каршы күрөшүү жөндөмдү арттыруу максатын көздөдү.
Жети аптага созулган машыгуулар Пакистанда, Пенжаб провинциясынын аймагында өткөрүлдү.
Пакистан армиясынын башчысы, генерал Рахил Шариф Исламабад жана Бээжин терроризмди жана анын формаларын жок кылуу багытындагы кызматташтыкты улантарын убада кылды. Бул тууралуу армиянын бүгүнкү расмий билдирүүсүндө айтылат.
Пакистан армиясы азыр Ооганстан менен чектеш аймактарда согушкерлерге каршы ири операциясын ортолоп калды. (UE)