Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Алмалык айылында кооптуу жерден дагы 15 үй бүлө көчүрүлдү


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Алмалык айылындагы тоонун сол ыптасында жаңы жаракалар пайда болду. Мындан улам буга чейин көзөмөлгө алынган 13 үйдө жайда жашаган 15 үй бүлө башка жерге убактылуу көчүрүлдү. Буга чейин чатырларга убактылуу көчүрүлгөндөр таза суу менен камсыздалды.

13-сентябрда саат 21:00 чамасында Алмалык айылында 5 млн. метр куб жерге көчкү түшкөн. Жер көчкү түшкөн тилкеде 22 турак жай жайгашкан, бирок үйлөр жабыркаган эмес. Окуядан кийин ал жерден 17 үй бүлө мал-жандыктары менен кошо коопсуз жерге көчүрүлгөн эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG