Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

УКМКнын операциясынан жабыркаган үйлөрдү куруу бүтөйүн деп калды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, ушул тапта эки үйдүн курулушу аяктоо алдында турат. Алар Шооруков көчөсүндө салынууда. Ал эми Темиров атындагы көчөдө үч үйдү калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Курулуш, оңдоп-түзөө иштерине 19 киши тартылган. Бул күнгө чейин курулушчуларга 800 миң 339 сом айлык маяна төлөнгөн.

16-июль күнү УКМК Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда куралдуу топту кармоо операциясы өткөргөн. Операция маалында беш үй-бүлө турак-жайынан жабыркаган. (AzK)

XS
SM
MD
LG