Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

Бишкекте таштандыны кайра иштете турган завод курулат


Бул туурасында “Азаттыкка” Шаарды өнүктүрүү агенттигинин башчысы Азамат Усубалиев билдирди. Анын айтымында, таштанды заводун курууга Европа өнүктүрүү банкы 22 миллион доллар грант бөлдү. Ушул жылдын аягына чейин Бишкектин четиндеги таштанды полигону рекультивация болуп, орду жашылдандырылат. Полигондун жанына завод түшөт.

Полигондун аянты 30 гектарды түзөт.

Буга чейин өлкө башчысы таштанды маселесин көтөрүп, Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовду шаарды таштандыдан тазалай албаганы үчүн жемелеген болчу. Кулматов жыл соңуна чейин борбор калаа таштандыдан тазалана турганын, бул максатта инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айткан. (AzK\UEz)

XS
SM
MD
LG