Мектептердеги компьютер, интернет жана ушуга окшош жаңы технологиялар окуучулардын билим деңгээлин көтөрбөйт. Мындай тыянакты эларалык Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму чыгарды .
«Азыркы тапта заманбап талапка ылайык мектептерди компьютер, интернет жана тармактык байланыш менен камсыздоо иши массалык жүрүп жатат. Бирок окуучулардын математикалык билим деңгээли көтөрүлбөй эле тескерисинче барган сайын төмөндөөдө», - деп жазылган аталган уюмдун отчетунда.
Изилдөө 40 өлкөнүн мектептери менен орто окуу жайларынын окуучулары арасында 2012-жылдан бери жүргүзүлгөн. Күн сайын интернетте эң аз 25 мүнөт отурган жеткинчектин билим деңгээли таптакыр компьютерди колдонбой сабак окуган баланыкынан төмөн болуп чыкты. (BCh)