Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Сербиядагы качкындар Хорватияга багыт алышты


Сербиядан Хорватияны көздөй жөнөшкөн качкындар
Сербиядан Хорватияны көздөй жөнөшкөн качкындар

Батыш Европага өтүүнү каалаган Сербиядагы миңдеген качкындар Венгрия өз чек арасын жаап салган соң Хорватияны көздөй умтулушту.

Сербиянын маалымат каражаттары бери дегенде мигранттарга толгон 10 автобус Хорватия менен Сербиянын чек арасына жакын жайгашкан Сид шаарына келгенин жазышты. Ал арада "Рейтер" агенттиги кеминде 100 качкын Евробиримдиктин мүчөсү Хорватияга жүгөрү талаалары аркылуу өткөнүн, бирок аларды Хорватиянын полициясы кармаганын билдирген.

15-сентябрда Венгрия Сербия менен чек арасына калың тикен зым тартып, андан өтүүнү көздөгөн мигранттарды камай баштады.

Amnesty International уюму Венгрия бийлигинин бул кадамын кескин сынга алды. Ал эми премьер-министр Виктор Орбан ал континенттин ортосуна умтулган мусулман качкындардан христиан Европасын сактап калууну көздөп жатканын билдирди.

Качкындардын көбү согуш жүрүп жаткан Сирия, Ирак жана Ооганстандан келгендер. Статистикага ылайык, 2015-жылдын башынан бери 500 миңден ашык мигрант Евробиримдик чек арасынан өткөн.

XS
SM
MD
LG