Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Сузак районунда 12 окуучу 11-класста окуй албай калышты


Кара-Март айылындагы Бекен Камбаров атындагы орто мектебинде окуучулардын саны аз деген жүйөө менен 11-класс жабылды. Мектеп директору Нурила Алишеванын “Азаттыкка” билдиришинче, быйыл акыркы класска 12 гана окуучу келген. Мындан улам райондук билим берүү башкармалыгы 11-классты жабуу чечимин чыгарган. Аларга ошол айылдагы башка мектептерден билим алуу сунушталган. Бирок жол алыс болгондуктан, окуучулар башка орто билим берүү мекемелерине баруудан баш тартышууда. Бул боюнча билим берүү жана илим министрлигинен маалымат алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Бекен Камбаров атындагы мектеп Кара-Март айылынын баш жагында жайгашкан. 11-класстын окуучулары башка мектептерге барышы үчүн 2 чакырымдай жол жүрүшү керек.

XS
SM
MD
LG