Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында доллардын баасы кечээтен бери дээрлик 3 сомго кымбаттады. Кечээ бир доллар 70 сом 50 тыйындан сатылып жатса, бүгүн түштөн кийин ал 72,50 - 73 сомго чыкты. Айрым алмашуу жайларында доллар жок.
Ал эми Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 доллар 68,79 сомдон эсептелген.
Бир ай мурда доллардын базар баасы 62 сом 73 тыйын, башкача айтканда, азыркыдан дээрлик 10 сом арзан болчу. (KЕ)