Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:59

КСДП Камчыбек Ташиевдин билдирүсүн четке какты

Социл-демократтар партиясынын борбордук штабы "Азаттыкка" Чоң-Алайда мектепте штаб ачылбаганын билдирип, буга чейинки “Республика Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүн четке какты.

Маалыматка караганда Чоң-Алайда алардын үч штабы бар. Штабдардын бири Дароот-Коргон айылындагы жеке дүкөндүн имаратында, экинчиси Кара-Мык айылындагы дүкөн имаратында, үчүнчүсү Кашка-Суу айылындагы жеке үйдө жайгашкан.

Кечээ 15-сентябрда өкмөт башчысы менен шайлоого бараткан партия лидерлеринин жолугушуусунда Камчыбек Ташиев Чоң-Алай районундагы Кызыл-Суу айылындагы орто мектепте Социал-демократтар партиясы штаб ачканын айтып, буга БШК тыйуу салышы керектигин билдирген.

БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов мындай фактылар текшерилүүгө тийиштигин белгилеген.(AzK)

XS
SM
MD
LG