Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Михаил Саакашвилини кызматтан кетирүү боюнча кол топтолууда


Украинадагы Одесса облусунун губернатору Михаил Саакашвили
Украинадагы Одесса облусунун губернатору Михаил Саакашвили

Украинанын президентинин сайтында Одесса облусунун губернатору Михаил Саакашвилини кызматтан кетирүүнү сунуштаган петиция жарыяланды. Анда губернаторлук кызматка келген үч ай ичинде Саакашвили бир да убадасын аткарбаганы, коррупция менен күрөшпөгөнү жана өзүн-өзү реклама кылуу менен гана алек болгону жазылган.

“Украинанын президенти Порошенкодон Михаил Саакашвилини ээлеген кызматынан бошотууну суранабыз. Бул эксперимент ишке ашпай калды, аны моюнга алуу убактысы келди”,-деп жазышат петициянын авторлору.

16-сентябрдын таңына карата петицияга 60 адам кол койгон. Ал эми 91 күндүн ичинде бул петицияны ишке ашырыш үчүн 25 миң адамдын колу керек.

Мындан бир нече күн мурда ушул эле президенттин сайтында Михаил Саакашвилини Украинанын премьер-министри кылып дайындоону сунуштаган петиция жарыяланган. Ал тийиштүү кол топтоп, президенттин кароосуна жиберилген.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили үстүбүздөгү жылдын май айында Украинадагы Одесса облусунун башчылыгына дайындалган.

XS
SM
MD
LG