Ак үй Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүүдө Орусия Дамаскка өз аскерий күчтөрүн киргизгенден көрө эл аралык коалиция менен кызматташса болмок деген пикирде. Бул тууралуу расмий Вашингтондун өкүлү Жош Эрнест 15-сентябрда өткөргөн маалымат жыйында билдирди.
Бир күн мурда Орусиянын президенти Владимир Путин “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун Сирия бийлиги менен кызматташпай туруп жеңүү кыйын экенин билдирген. Путин Душанбеде өткөн ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин саммитинде сүйлөп жатып, Орусия Сириянын президенти Башар Асадга аскерип жардам көргөзүп жатканын жана аны уланта берерин билдирди.
Ал эми Кошмо Штаттар Орусиянын аскерий күчтөрүнүн Сирияга киргизилиши Башар Асаддын бийлигин бекемдөөгө багытталган деп кооптонууда.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефондук сүйлөшүүсүндө, Москванын бул кадамы эл аралык коалиция буга чейин жасап келген аракеттин баарын текке кетирерин айткан.