Алар: Париж, Рим, Будапешт, Лос-Анжелес жана Гамбург. Бул тууралуу бүгүн Эл аралык олимипиада комитетинен кабарлашты. Талапкер шаарларды расмий каттоо 15-январда башталып бүгүн аяктады.
Лос-Анджелес менен Париж буга чейин эки жолу жайкы Олимп оюндарын өткөргөн. Рим мындай мүмкүнчүлүккө бир жолу ээ болгон. Ал эми Гамбург менен Будапешт буга чейин мындай денгээлдеги спорттук оюндарды өткөрүшө элек.
Эксперттер бул беш шаардын ичинен Лос- Анжелес менен Париж татыктуу деп эсептешет.
2016-жылы жайкы Олимп оюндары Рио-де-Жанейродо, 2020-жылы Токиодо өтөт.
Ал эми июлда Бээжин 2022-жылы кышкы Олимп оюндарын өткөрө турганы маалымдалды.