Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Чек арадагы окуя боюнча Тажикстан билдирүү таратты


Тажикстандын Чек ара башкы башкармалыгы кыргыз-тажик чек арасында 11-сентябрда болгон окуяга байланыштуу билдирүү таратты.

Кыргызстандын чек ара кызматы 11-сентябрь күнү Баткендин Тажикстан менен чектеш Лейлек районунун Раззаков айылында тажикстандык чек арачы кыргызстандык жаранга ок чыгарганын кабарлаган. Маалыматта кыргызстандык жаран бутунан жеңил жараат алганы кабарланган.

Тажикстандын чек ара кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, эки “Дулан” бензовоз машинасы чек ара мыйзамдарын бузуп, 50-100 метр кирип барган. "Токто" деген буйрукка баш ийбей машинанын айдоочусу чек арачыларга опурулган. 200 метр киргенден кийин машина токтотулуп, керек документтер текшерилген.

"Экинчи машинанын айдоочусун кармоо учурунда каршылык көрсөтүп, Тажикстан чек арачысынын куралын тартып алууга аркет кылган. Эскертүү иретинде атылган октон кийин ал качып кетүүгө аракеттенген. Ошол маалда ок атылып, кыргызстандык жарандык бутуна ок тийген”, - деп жазылат Тажикстандын чек ара башкармалыгы тараткан билдирүүдө.

Буга байланыштуу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары жолуккан. Кыргызстан тарап ок мыйзамсыз атылганын белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG