Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

Пан Ги Мун Венгрияда мигранттарга жасалган мамилеге тынчсызданды


БУУ баш катчысы Пан Ги Мун Венгрия-Сербия чек арасында полиция менен мигранттар ортосундагы кагылышуу аны нес кылганын билдирди. Ал Венгрия өкмөт башчысы Виктор Орбан менен бул жаатта телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты.

16-сентябрда полиция чек арадан мигранттарды өткөрбөй койгон. Натыйжада, качкындар тартип сакчыларын ташбараңга алышкан. Буга жооп катары полиция көздөн агызуучу жаш, суу чачкыч жана калемпирлүү спрей колдонгон. Күч түзүмдөрү мигранттар “куралданганы” тууралуу да сөз чыгарып ийишкен.

Ал эми Сербиянын ички иштер министри Небойс Стефанович венгр полициясы менен мигранттар ортосундагыдай кагылыштарды болтурбоо максатында чек арага кошумча күч жөнөтүлгөнүн маалымдады. (SE)

XS
SM
MD
LG