Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Төрт партия жеңилдиктерден баш тартуу декларациясына кол койду


Бул тууралуу “Азаттыкка” "Коомдук иликтөө институту" уюмунун жетекчиси Рита Карасартова билдирди. Анын айтымында, азыр “Ата Мекен”, “Республика Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Мекен ынтымагы” партиялары декларацияга кол коюп, дагы үч партия кол коюу ниетин билдирген. Калган айрым партиялар негизинен декларацияга макул экендиктерин, бирок депутаттарга берилчү үйдү алып коюу туурасындагы пунктту чийип салууну сунушташкан.

Жакында укук коргоочулар, жарандык активисттер "Депутаттардын жеңилдиктерин жана ыйгарым укуктарын алып салуу үчүн" кыймылын түзгөн. Ал шайлоодон жеңип чыккан партиялар бир ай ичинде "Жогорку Кеңештин депутаттарынын макамы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизип, бардык жеңилдиктерди алып салууга сөз бере турган декларацияны даярдап, партияларга жиберип жатат.

Кыймыл кызматтык автоунааны, үй, бейтапканалардагы атайын тейлөөнү жана жашоонун эң төмөнкү тиричилик чегинен он эседен ашпаган маянаны чектеп коюуну сунуштайт. Жарандык коом эгер декларацияга кол койгон партиялар парламентке келгенде берген убадасын унутуп кала турган болсо, анда бул мыйзамды коомчулуктан кол топтоо ыкмасы менен өткөрүү аракетин жасай турганын билдирүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG