Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:07

"Бишкек базарларынын көрүнбөгөн балдары" көргөзмөсү ачылат


Бүгүн шаарда "Бишкек базарларынын көрүнбөгөн балдары" аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Ага "Дордой" жана Ош базарларында иштеген балдардын сүрөттөрү коюлат.

"Балдарды коргоо борбору" ушул тапта ички мигранттардын балдары мектепке кире албай, базарларда иштеп, эмгекке тартылып жатканын белгилеп, бул иш-чара коомчулуктун көңүлүн ички мигранттардын көйгөйүнө буруу максатын көздөй тургандыгын билдирүүдө.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев жаңы окуу жылынын башталышында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда 80 миң баланын билим алуу мүмкүнчүлүгү жоктугун белгилеген. Көргөзмө 27-сентябрга чейин уланат. (JM)

XS
SM
MD
LG