Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:58

Шайлоо күнү 9 миңге жакын милиция коопсуздукту камсыздайт

Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында ИИМдин коомдук коопсуздук башкармалыгынын жетекчи орун басары Турсунбек Чалов билдирди. Анын айтуусунда, 4-октябрда ар бир шайлоо участкасында экиден 7ге чейин кызматкер тартипти көзөмөлдөйт. Алар биометрикалык жабдыктарды жана шайлоо бюллетендерди да көзөмөлгө алышат. Ал күнү 8800 тартип сакчысы ишке чыгат.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Өлкө боюнча 2300 шайлоо участкасы бар. Добуш берүү алгач ирет биометрикалык каттоонун негизинде өткөрүлөт. (UEz)

XS
SM
MD
LG