Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Окуучулар мушташында бычак жеген 4 бала ооруканада


Бул туурасында “Азаттыкка” Свердлов ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты. Окуя кечээ, 16-сентябрда Бишкектеги "Аламедин 1" кичирайонундагы №38 мектептин жанында кечки саат тогуз жарымдар чамасында болгон.

Аталган мектептин 10-11-класстын окуучулары менен республикалык олимпиадалык резерв мектебинин балдары мушташа кетишкен. Алардын арасынан бирөө төрт баланы бычак менен сайып жиберген. Бычак жегендердин үчөө спортинтернатта окугандар, бирөө №38 мектептин окуучусу. Дагы бир окуучу жеңил жарат алган. Учурда алардын бардыгы ооруканада, жарадарлардын абалы туруктуу.

Укук коргоо органдары мушташка катышкан 20 баланы жана бычак сайган баланы аныктап кармашты.

Алдын-ала маалыматтарга караганда үч өспүрүм №38 мектептин бир окуучусун опузалашкан. Мындан улам кекенген окуучу ага тийишкен балдарды спортинтернаттын балдары деп эсептеп, досторун чогултуп келген.

Окуя боюнча Кылмыш кодексинин 104-беренеси (Атайылап ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүрүп жатат.(AzK)

XS
SM
MD
LG