Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:18

Бишкекте Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленет


“Мурас” фондунан “Азаттыкка”кабарлашкандай, “Кыргыз жана Карахандар каганаттары: "Куттуу билим" жана мамлекет” аттуу Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган IV эл аралык илимий–тажрыйбалык жыйын 18-19-сентябрь күндөрү Кыргыз улуттук университетинде өтөт.

Эл аралык жыйынга Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Түркиядан белгилүү кыргыз таануучу, түрколог, археолог, этнолог окумуштуулар катышат.

Жыйын Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесине арналып, келерки жылы бир катар мамлекеттерде өтчү эл аралык жыйындарга жана симпозиумдарга камылгаларды көрүү маселеси да талкууланмакчы.

Иш чараны Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду уюштурууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG