“Азаттык” радиосунун казак кызматы кээ бир акча алмаштырчу жайлар чет элдик валюталарды алып, бирок сатпаганын, а башкалары валюта сатып, бирок албаганын маалымдады. Ошол эле учурда майда-барат банктардын акча алмаштырчу жайлары валюта операцияларын кенен-кесир жүргүзүүдө.
16-сентябрда Казакстандын фондулук биржасында 1 доллардын наркы 300 теңгеге чыгып кеткенден кийин Улуттук банк рынокко кошумча доллар чыгарган. Бүгүн эртең менен Казакстандын баалуу кагаздар биржасында 1 доллардын орточо баасы 270,11 теңге болду.