Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Бишкекте Ооганстан - Борбор Азия илимий борборун ачуу сунушталды


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясынын шаршембиде Монголияда өткөн жыйынында Ооганстандан чыкчу коркунучтар талкууланды. Аталган уюмдун Бишкектеги борборунун жетекчиси Сергей Капинос Ооганстан - Борбор Азия илим борборун түптөө сунушун көтөрдү.

Ал Ооганстандагы кырдаал татаал жана туруксуз бойдон калып жатканын эскертип, коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгына токтолду. Илимий борбор коопсуздукту камсыздоого көмөктөшөрүнө ишенерин билдирди. Бул сунуш колдоого алынса, илимий борбор Бишкектеги ЕККУ Академиясынын имаратында жайгашат.

Борбордо Ооганстан менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин өз ара карым-катышы иликтенип, коркунучтарга бөгөт коюу сунуштары иштелип чыгат.

XS
SM
MD
LG