Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:29

"Манас" аба майданына чейинки жол оңдоло баштайт


Өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, жакынкы күндөрү Бишкектен "Манас" аэропортуна кеткен жолду оңдоо иштери башталат.

23 км аралыктагы бул жолду оңдоп-түзөө иштери 2016-жылдын август айында бүтүш керек. Долбоордун баасы 954 миллион сомду түзөт. Бул каражат республикалык бюджеттен каралган.

Мындан тышкары кийинки жылдын август айына чейин Тамчы-Чолпон-Ата жолун оңдоо пландалып жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG