Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Наманганда кийим тигүү цехинде буу казан жарылды


Өзбекстандын Наманган шаарындагы “Согдиана файз текстиль” кийим тигүү цехинде жарылуу болду. Наманган облустук өрт коопсуздугу кызматынын өкүлү 17-сентябрда эртең мененки саат 7:10 ченде цехтин буу казаны жарылып, андан эки адам жабыркаганын “Азаттык” радиосунун өзбек бөлүмүнө тастыктады. Кырсык болгон учурда бир аял гана жумуш ордунда болгон. Жарылуу тууралуу кабар адеп социалдык желелерде тарады.

Былтыр Намангандагы “Өзбегим” кафесинде өрт чыгып, бир нече адам жараат алган. Техникалык коопсуздук сакталбагандан улам өрт өлкөдөгү ишканаларда көп болот.

XS
SM
MD
LG