Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Беларуста Анапияевдин өлүмү боюнча издөөдөгү адамдын видеосу жарыяланды


Беларустун Ички иштер министрлигинин сайтында издөөгө алынган белгисиз жарандын сүрөтү жана видеосу жайгаштырылган.

Министрлик видеодогу адам 2015-жылдын февраль айында Минск шаарынын К.Либкнехт көчөсүндөгү “Мерседес” автоунаасынан табылган Анапияевдин өлүмү, жасалган кылмыш туурасында билиши мүмкүн деп эсептейт. Укук коргоо кызматы видеодогу адам тууралуу маалыматы барлардын кайрылуусун өтүнүүдө.

Кримтөбөл атыккан Алмамбет Анапияевдин сөөгү 2015-жылдын 18-февралында Беларустун борбору Минск шаарында табылган. Анапияевдин жанынан Алмазбек Шакиров деген адамга берилген Орусиянын паспорту чыккан. Анда Алмамбет Анапияевдин сүрөтү чапталган.

Анапияев бир топ оор кылмыштарга шектелип, 2011-жылдан бери Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн. Анын өлүмүн Беларус менен Кыргызстан күч органдары биргеликте иликтери кабарланган. (AzK)

XS
SM
MD
LG