Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Бычактан жараат алган төрт окуучунун биринин абалы оор


Бул туурасында “Азаттыкка” Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борбордун дарыгери Алмаз Самаков билдирди.

Анын маалыматына караганда, спортинтертанттын 10-классынын окууучусу ооруканага түшөрү менен операция жасалган. Баланын курсагына сайылган бычак бооруна тийип, он эки эли жоон ичегисин тешип кеткен. Ушул тапта бала реанимация бөлүмүнөн жөнөкөй палатага которулду. Анын абалы оор бойдон калууда. Окуучунун ата-энеси Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда жашайт. Азыр алар баласын карап ооруканада.

16-сентябрда Бишкектеги "Аламедин -1" кичирайонундагы Олимпиадалык резерв мектебинин жана №38 мектептин окуучулары мушташа кетип, 4 бала бычак жеп ооруканага тушкөн. (AzK\KE)

XS
SM
MD
LG