Пакистан армиясы түндүк-батыштагы Пешавар калаасына жакын аскер базасындагы мечитке талиб согушкерлери кирип келип, сыйынып отурган 16 адамды атып салганын кабарлады. Армия өкүлү, генерал Асим Салим Бажванын айтымында, андан кийин согушкерлер менен аскерлер кагылышып, 13 согушкердин көзү тазаланган жана бир жоокер каза тапкан.
Чабуул үчүн "Талибандын" Пакистандагы бөлүмү жоопкерчилик алды. Пакистан армиясынын башчысы Рахил Шариф операцияга катышкан аскерлер менен жолугушканы Пешаварга барды.
Өлкөнүн атайын кызматындагы булактын маалыматына караганда, бул чабуулдан көп узабай АКШнын пилотсуз учагы Түштүк Вазиристан аймагында согушкерлер жашырынган болушу мүмкүн деп шектелген бир үйгө урган соккудан үч согушкер тындым болуп, дагы бешөө жаракат алган. Пакистандын өкмөттүк күчтөрү Ооганстан менен чектеш бул аймакта жергиликтүү жана чет элдик согушкерлерге каршы операция жүргүзүүдө.