Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:45

Майып кызды зордуктагандардын экөөнө айып тагылды


Сокулук районунда эки жылдан бери 15 жаштагы майып кызды зордуктап жүргөн 18 жаштагы эки жаранга Кылмыш кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча айып тагылды.

Жабыркаган кыздын адвокаты Эркин Ирискулбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн аталган эки жаранды тергөөчү эч жакка чыкпоо кепилдиги менен эркиндикте калтырды. Адвокат мыйзам боюнча мындай оор кылмышка шектелген жарандар камакка алынышы керектигин белгилеп, 21-сентябрда сотко доо арыз менен кайрылганы жатат.

Эки жыл бою кордук көргөн кыздын окуясы 2015-жылдын май айында гана ачыкка чыккан. Мындан улам кыздын апасы укук коргоо органдарына арыз жазган. Анын айтуусунда, зордуктоого тиешеси бар делген алты баланын төртөө 12-13 жашта, ал эми экөө 18ден өткөн.

Бул факт боюнча 29-июлда кылмыш иши козголгон. Узакка созулган тергөөдөн кийин Алинанын үй-бүлөсү “Адилет” укуктук клиникасына кайрылып, бейөкмөт уюмдун юристтери кийлигишкенден кийин гана иликтөө иши ордунан жылып, 4-сентябрда балдар менен Алина көзмө-көз беттештирилген.(AzK)

XS
SM
MD
LG