Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:34

Түштүк-Чыгыш Азия туристтери Кыргызстанга кызыгат


Бул туурасында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов менен Кыргызстан туроператорлор ассоциациясынын президенти Анвар Юсуповдун 17-сентябрдагы жолугушуусунда сөз болду.

Анвар Юсупов Кыргызстандын бизнес жамааты Түштүк-Чыгыш Азиядан, анын ичинде Малайзиядан туристтерди кабыл алууга даяр экендигин, маселени өкмөттүк деңгээлде чечүүгө элчиликтин колдоо көрсөтүүсүн өтүндү.

21-23-октябрда Кыргызстандын өкүлдөрү Сингапурда өтө турган туроператорлордун көргөзмөсүнө катышат, кыргыз элчилиги ал жерде кыргыз жана малайзиялык туроператорлор менен жолугушуулар уюштурууга көмөк корсөтөрү маалымдалды.

Эскерте кетсек, жакында Малайзиянын "Bernama TV" телеканалынан 7 күн бою тогуз мүнөттүк Кыргызстан жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү. Аталган телеканалда Кыргызстан жөнүндө атайын сюжет даярдалууда.(AzK)

XS
SM
MD
LG