Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Москва ИМдин катарында 2400 орус жараны бар экенин билдирди


"Ислам мамлекети" террордук тобунун катарында Орусиянын 2400 жараны согушуп жүргөнүн Федералдык коопсуздук кызматынын башчысынын биринчи орун басары Сергей Смирнов билдирди. Анын айтымында, бул топтун курамында Борбор Азия өлкөлөрүнүн да жалпысынан үч миңдей жараны бар.

Смирнов бул тууралуу бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун терроризмге каршы Ташкентте өткөн жыйынынан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Аталган уюмга Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.

Ирак менен Сириянын бир канча бөлүгүн ээлеп алган "Ислам мамлекети" деп аталган радикалдык топко каршы АКШ баштаган коалициялык күчтөр күрөш жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG