Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:01

Грузияда оппозиция лидери абактан чыкты


Тбилисинин мурдагы мэри Гиги Угава.
Тбилисинин мурдагы мэри Гиги Угава.

Тбилиси соту 17-сентябрдын кечинде Бириккен улуттук кыймыл партиясынын лидерлеринин бири Гиги Угулавны камактан бошоткон чечим чыгарды. Анын алдында өлкөнүн Конституциялык соту Угулаваны камакка алуу мыйзамсыз болгон деп чечкен эле.

Грузин баш калаасынын мурдагы мэри тергөө абагында 14 ай отурду, бирок ал бошотулганы менен бир канча иш боюнча тагылган "арам акчаны адалдоо", "мамлекет каржысын туура эмес пайдаланган" деген айыптар али алына элек. Оппозиция бул айыптарды саясий негизде жана жасалма деп санайт.

Үч жыл мурда "Грузин кыялы" коалициясы экс-президент Саакашвилинин партиясын жеңип, бийликке келген соң ондогон мурдагы чиновниктер, анын ичинде мурунку премьер-министр да "коррупция", "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деген беренелер боюнча айыпталып камалган.

Мындан улам Батыш өлкөлөрү Грузия бийлигин атаандаштарын саясий куугунтукка алып жатат деп айыптаган. Расмий Тбилиси муну четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG